Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 4-8-23
Социалдык өнүгүү башкармалыгынын долбоору үчүн 200,0 миң сом жана спорт комитетине 1000,0 миң сом акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А.Э.Сагындыкованын,шаардын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп талкуулап чыгып,депутаттардын сунуштарын эске алып,Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси А.Э.Сагындыкованын жана мэр Н.А.Маматовтун маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын кичи долбоорлору үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча түшүүчү киреше булактарынын эсебинен 200,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Майлуу-Суу шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин спорттук аянтча куруу иштери (кичи футбол аянтчасы) үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча түшүүчү киреше булактарынын эсебинен 1 000,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы (К.Ю.Токтоназаровко) жана шаардын мэри (Н.А.Маматовко)жүктөлсүн.
Төрага | Б.К. Барбиев |