Загрузка документа…
ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 14
2017–жылга Шопоков шаарынын мэриясынын бюджеттин бекитүү жана кийинки 2 жылга 2018-2019жж. бюджетти болжолдуу түрдө бекитүү жөнүндө
Шопоков шаарынын мэриясынын каржы –экономика бөлүмүнүн башчысы С.В.Сергееванын, ошондой эле бюджет, каржы жана сатуу туруктуу комиссиясынын төрагасы С.К.Жамбоевдин Шопоков шаарынын мэриясынын 2017 –жылга карата болгон бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча маалыматтын угуп жана талкуулап, Шопоков шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017 –жылга Шопоков шаарынын мэриясынын бюджеттин бекитүү, пландык – бюджеттик комиссиянын көрсөтмөсүнүн негизинде, киреше бөлүгүн 33877,0 миң сом өлчөмдө жана чыгаша бөлүгүн 33877,0 миң сом өлчөмдө жана болжолдуу 2018 – жылга 35948,8 миң сом өлчөмдө, 2019 – жылга 37416,8 миң сом өлчөмдө бекитилсин.
2017-жылдын бюджеттинин киреше бөлүгү төмөнкү булактар боюнча түзүлөт:
№1 тиркеме
| Салыктардын аталышы |
|
11 | Салыктык кирешелер | 30934,1 |
11111100 | Салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | 12150,0 |
11121100 | Кичи ишкана субъектилерине бирдиктүү салык | 152,0 |
11122100 | Милдеттүү патенттин негизиндеги салык | 600,2 |
11122200 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 2342,0 |
11311200 | Кыймылсыз мүлккө салык | 2686,0 |
113121 | Унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 1655,0 |
11321 | Жер салыгы | 2557,4 |
11321100 | Жеке тараптан алынуучу жер салыгы | 628,3 |
11321200 | Юридикалык тараптан алынуучу жер салыгы | 4,1 |
11321300 | Айыл –чарба багытында эмес жер салыгы | 1925,0 |
11412100 | Сатуудан алынуучу салык | 8700,0 |
11442 | Роялти | 91,5 |
114423 | Металлдык эмес пайдалуу кендер | 0,0 |
11442320 | Курулуш куму |
|
11442324 | Акиташ, курулуш ташы |
|
11442390 | Башка металл эместер, жогоруда классификацияланбаган |
|
114424 | Жер астындагы суулар | 91,5 |
11442410 | Минералдык жана ичүүчү суулар | 28,5 |
11442440 | Ичүүчү жана техникалык суулар | 60,0 |
11442490 | Башка жер астындагы суулар | 3,0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 485,8 |
14152110 | Эл отурукташкан жерди ижарага берүүнүн акысы | 250,0 |
14152121 | Айыл жанындагы жайыттарга ижара төлөө | 0,0 |
14152200 | Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарасы | 0,0 |
14153200 | Имаратка ижара төлөө | 130,8 |
14221700 | Таштандыларды чыгарууга жыйым | 105,0 |
14221800 | Авто унааларды токтотуудагы жыйын | 0,0 |
14222200 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик жыйын | 0,0 |
14311100 | Административдик айыптар | 0,0 |
1511400 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды түзүү жана өрүтүүгө төлөө | 0,0 |
314121 | Айыл чарба багытында эмес жерлерди сатуу | 0,0 |
|
|
|
| Баардык кирешелер | 31419,9 |
|
|
|
1423 | Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн жыйын | 2457,1 |
14232900 | Классификациялык эмес билим берүү жана маданият кызматына акы төлөө | 2300,0 |
14238900 | Башка классификациялык эмес кызматтардын түрлөрүнө акы төлөө | 157,1 |
|
|
|
| Жалпы ресурстар | 33877,0 |
2. 2017-жылдын чыгашаларын төмөнкү №2 тиркемеде көрсөтүлгөн өлчөмдүн негизинде бекитилсин.
Мамкызматтар 5051,6
Шаардык кенеш 958,1
Эконом.маселелер 100,0
Турак жай коммуналдык чарба 8897,4
Саламаттык сактоо 316,6
Китепканалар 365,1
Ар кандай маданий иш чаралар 1200,0
Ар кандай спорттук иш чаралар 2594,4
Орто мектептер 5883,6
Социалдык коргоо 3140,1
Мектепке чейинки билим берүү 2913,0
Жалпысынан: 31419,9
Атайын эсеп:
Мамкызматтар 157,1
Мектепке чейинки билим берүү 2300,0
Жалпысынан: 2457,1
Баардыгы : 33877,0
2017-жылдын чыгышылырын каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жүргүзүлсүн (айлык акы, социалдык фондко төлөө, коммуналдык кызматтар).
1. 2016-жылда каржыланбай калган өзүнчө группадагы чыгашаларды жергиликтүү бюджеттин эсебинен компенсациялансын. Ошондой эле ал конпенсациялоого биринчи кезекте айлык акы жана социалдык фондко төлөө тийиштүү.
2. 01.01.2017 – жылга кассанын бар болгонун 200,0 мин сом өлчөмдө бекитүү.
3. Көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашык түшкөн кирешелерди, бекитилген атайын каражаттар сметасы боюнча толугу бойдон жергиликтүү бюджеттин карамагында калат.
4. Бюджеттин киреше бөлүгүн ашыгы менен аткаруудан түшкөн каражаттарды Шопоков шаарынын аймагында өткөрүлүүчү социалдык –экономикалык жана маданий иш чараларга жумшалсын.
5. Чыгаша жана кирешелер №1 жана №2 тиркеменин негизинде кварталдык бөлүштүрүүлөргө бекитилсин.
6. Шопоков шаарынын мэриясына акча каражаттарын өндүрүштүштүк зарылчылыкка байланыштуу жылдырууга жана оңдоп – түзөөгө уруксаат берүү.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы жана сатуу боюнча комиссиянын төрагасы С.К.Жамбоевге берилсин.
Төрага | Э. Тилебек уулу |