Редакцияот 21.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 21-октябры № 204

Беловодский айылдык аймагында мүлк жана жер салыгын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31 беренесинин,3 бөлүгүнүн жана “Кыргыз Республикасынын” Салык кодексинин күчүнө кириши жөнундөгү” 2008 жылындагы тогуздун айынын 17 № 231 мыйзамына ылайык жана бюджет, экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 2016 жылындагы 12.10. №21 корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2017 жылдын үчтүн айынын 01 баштап Беловодский айылдык аймагына кийинки салыктар киргизилсин:

мүлккө салык;

жер салыгы;

2. Токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктардын тескөө-башкаруусу Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.

3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.

4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Орозалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

О. Чекирбаев