ТоктомКүчүндө

Беловодский айылдык кеңешинин 2016-жылдын 21-октябрындагы № 205 «2017-жылына Беловодский жана Кош-Дөбө айылдарында короо жай участокторун, чарбачылык эмес жерлерин жана калкконушту пайдалануу боюнча аймактык коэффициентин бекитүү тууралуу» токтому

Редакция21.10.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 21-октябры № 205

2017-жылына Беловодский жана Кош-Дөбө айылдарында короо жай участокторун, чарбачылык эмес жерлерин жана калкконушту пайдалануу боюнча аймактык коэффициентин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык зоналдык коэффициент жергиликтүү кеңештер менен 3 /үч/ жылга бир жолу 0.3 1.2 чейин калкконуштардын экономика-пландык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу аныкталат жана экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 2016 жылдын 12.10. № 21 корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңеш,-

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020 жылдын 01.01. чейин Беловодский а.-1.2., Кош-Дөбо а., 1.0.боюнча калкконуш жана айыл чарба эмес багытындагы жерлерин колдонуу үчүн (К-3) зоналдык коэффициенти бекитилсин.

2. 2020 жылдын 01.01. чейин Беловодский а.-1.2., Кош-Дөбо а., -1.0. боюнча багбанчылык-тармагындагы жана короо жай участокторуна (К-3) зоналдык коэффициенти бекитилсин.

3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.

4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Орозалиевге жана кирешелер боюнча башкы адиси Е.Г. Франкка жүктөлсүн.

 

Төрага

О. Чекирбаев