Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябры № 206
Айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык ченин бекитүү жөнүндө
Айыл чарба жерлерин колдонууда жер салыгынын базалык ченин бекитүү жонүндөгү суроону угуп жана талкуулап бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 2016 жылдын 12.10. № 21 корутундусунун негизинде Беловодский айылдык кеңеш,-
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2017 жылга айыл чарба жерлерин колдонууга жер салыгынын базалык чени бекитилсин:
сугат жерлеринин 1 га. – 442-00 сом;
сугат эмес жерлеринин 1 га. – 117-00 сом;
көп жылдык өсүмдүктөргө – 265-00 сом;
чөп чабууга – 79-00 сом;
жайыттарга – 57, 8 сом;
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Орозалиевге жана кирешелер боюнча башкы адиси Е.Г. Франкка жүктөлсүн.
Төрага | О. Чекирбаев |