Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябры № 210
ЧЖМФ жерлеринен 1 /бир/ га сугат жери 1/бир/ жылдык ижарага түз жол менен жарды үй-бүлөлөргө берилүүсү жөнүндө
ЧЖМФ жерлеринен 1 /бир/ га сугат жери 1/бир/ жылдык ижарага түз жол менен жарды үй-бүлөлөргө берилүүсү жөнүндө суроону угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Чарба жерлерин кайтадан бөлүштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүү ирети жана шарттары жөнүндөгү Типтик жобосун бекитүү жөнүндөгү” токтомунун 2 п. 14 п/п ылайык Беловодский айылдык аймагынын ЧЖМФ жерлери боюнча Перспективдик планына ылайык жана АЧЖМФ жерлери боюнча жер комиссиясынын отурумунун 2016 жылдын 26.08. № 4 протоколунун негизинде Беловодский айылдык кеңеш,-
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Т.Орозобаеванын жарды үй-бүлөсүно анын берилген арызына ылайык түз берүү жолу менен субарендасыз 1 /бир/ жылга 1 /бир/ га сугат айдоо жери № 108 контурунан ижарага берилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.О.Орозалиевге жана айыл чарба багытындагы жерлер боюнча жетектөөчү адиси Р. Омоналиевага жүктөлсүн.
Төрага | О. Чекирбаев |