Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 14/7-1
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2017-жылына Республикалык бюджетинен өткөрүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Республикалык бюджетинен өткөрүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап чыгып, Кайыңды шаарынын мэриясынын 2017-жылдын бюджетине финансылык каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгүнө түшүүсүн эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү -1637,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2016-жылдын акы чыгымдардын жетишээрлик каражат бөлүнбөгөндүгүнө ылайык, корголгон беренелеринин каражаттарынын чегинде эсептөө жүргүзүлөт.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |