Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 15/7-2
Кайыңды шаарынын "Балачак" бала бакчасынын чатырын жабуу үчүн акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
"Балачак" бала бакчасынын жамаатынын маалыматын талкуулап жана карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга "Капиталдык салымдар" үчүн беренеси боюнча Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин, жана капиталдык оңдоо объектилерине акча каражаттары караштырылып бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |