Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-майы № 16/7-3
Мурунку “КЭК” бала бакчасынын капиталдык ремонтуна акча каражаттарынын бөлүнүшү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмүнүн катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга "Капиталдык салымдар" үчүн беренеси боюнча Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилсин, жана капиталдык оңдоо объектилерине – 6000,0 миң сом акча каражаттары караштырылып бөлүнсүн.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык мүлк боюнча бөлүмү мурунку “КЭК” бала бакчасынын керектүү документтерин ылайыкташтырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |