Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 20-январы № 6/3-1

Кайынды шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 43 беренесинин, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 – жылынын 6 - январындагы № 285 “ Шаардын мэрин шайлоо жана мэр кызматына киришүү жөнүндө” Жобосунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Панфилов аймактык шайлоо комиссиянын № 1 протоколу бекитилсин, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын мэрди шайлоо жыйынтыктары.

2. Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын добуш берүү жыйынтыктарынын негизинде Иманкулов Эркин Токтаалиевич Кайыңды шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелсин.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов