Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы № 7/3-2
Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2016 - жылынан калган бош калдыктарын пайдалануу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин “ Кайынды шаарынын 2016 - жылындагы бюджетин аткаруу боюнча” маалыматын угуп, пландан тышкары 2016 - жылдын бюджетинин керише жагына каржы каражаттардын киришин эске алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2016 – жылынын бюджетинен калган бош калдыктары 379,1 миң сомду төмөнкү иш чараларды каржылоого уруксат берилсин:
-265,5 миң сомду мугалимдердин жана бала – бакчалардын тарбиялоочуларына коммуналдык чыгымдарын төлөө үчүн.
- 113,6 миң сомду кызмат автоунаа сатып алууга.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |