Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-ноябры № 59/22-27
Айылдык Кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Айылдык Кеңешинин сессиясы айылдык Кеңешинин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө маселени карап чыгып, айылдык Кеңешинин аймагында шайлоочулардын 99,5 пайызын кыргыздар түзгөндүгүнө байланыштуу, бул маселени талкуулап, төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин иш-кагаздары протокол, токтомдор мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Токтомду ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага | К.А. Абдылдаев |