Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 3
Күн тартибинде: Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеримбековду айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына кѳрсѳтүү жѳнүндѳ
Жан – Булак айылдык кенешинин тѳрагасы А.Эшимбеков сессияны ачып айылдык кенешинин мандат туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Т.Бекбоевге сѳз берилди.
Жол. Бекбоев Тынчтык Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына кѳрсѳтүү боюнча сунушун айтты.
Депутаттар Шеримбеков Дүйшенбекке Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысына кѳрсѳтүү боюнча макулдуктарын беришти. Каршы, калыс жок.
Жогорудагы маселени карап чыгып талкуулап Жан – Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан – Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Д.Шеримбеков кайра шайлануучу айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына кѳрсѳтүү боюнча сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ маданият комиссиясынын тѳрагасы Т.Бекбоевге тапшырылсын.
Төрага | А. Эшимбеков |