Загрузка документа…
НООКАТ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28 –январы № 12-7
Кулатов айылдык окуругдук кенешинин 2010-жылдын 25-декабрдагы кезексиз 22 сессиясынын № 22-1 токтому жөнүндө
Депутаттардын Ноокат райондук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кулатов атындагы айылдык окуругдук кенешинин «Кулатов айыл округунун Кызыл-Булак айылынын тургуну,жеке ишкер Айбашов Асилбек Тилебалдыевичке бышык кыш завод куруу Кызыл-Булак айылынын Ходжа каналынын үстүнөн (курулбай калган эски шахтанын ордуна) кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба багытындагы кайрак айдоо жер аянтынан 12 га жер аянтын 49 жылга ажыратып берүү жөнүндөгү» 2010-жылдын 25-декабрдагы кесексиз 22-сессиясынын № 22-1 токтому бекитилсин. (Токтом тиркелет)
2. Ажыратылып берилген жер аянтын мыйзамдын негизинде тиешелүү иш кагаздарын тактоо менен өз максатында пайдалануу жеке ишкер Айбашов Асилбек Тилебалдыевичке тапшырылсын.
3. Бышык кыш заводун курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат райондук кеңешине тапшырылсын.
Ноокат райондук кенешинин төрагасынын орун басары |
К.Шамаева |