ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2016-жылдын 19-январы № 22/3
Исфана шаар мэриясына караштуу жайыт жерлерин жайыттан башка максаттарга убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясына караштуу жайыт жерлерин жайыттан башка максаттарга убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунуш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош-Исфана автожолун реаблитациялоо долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “ Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 3-1 беренесинин 3- бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтомуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АБЗ (Асфальт бетон завод) жана ЖКУ (Жол курулуш участогун) куруу үчүн Самат-Сүлүктү автожолунун боюнан №203 контурунан 5,0га жер аянтын, техникалар үчүн аянттарды куруу үчүн №211 контурунан 4,0га жер аянтын, Куру-Сай участкасынан №699-700 контурларынан шагыл таштарды алуу үчүн 4,0га, Исфана-Сүлүктү автожолунун оң тарабынан Чимген участкасынын №506 контурунан кум шагыл алуу үчүн 1,5га, Беш-Бала участкасынын №401 контурунан 1,0га (сай), Ай-Таш жайыт участкасынын №93-96 контурларынан шагыл кумдарды алуу үчүн 5,0га жалпы 20,5 га жер аянттары жайыттан башка максаттарга убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. 20,5 га жер аянттарынын убактылуу берүүнү уюштуруу жана тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жургузүү жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кенештин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |