Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 23/3
Лейлек Тазалык муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек маяналарына кошумча үстөк акы кошуу жөнүндө
«Лейлек Тазалык» муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек маяналарына кошумча үстөк акы кошуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Лейлек Тазалык» муниципалдык ишканасынын кенже тейлөөчү кызматкерлерине дем берүү максатында эмгек маяналарына кошумча бир оклад айлык акы өлчөмүндө үстөк акы атайын эсебинен тиешелүү мыйзамдарга ылайык төлөнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |