ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 23/5
Исфана шаардык Кенешине кошумча штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө
Исфана шаардык Кеңешине кошумча штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452-токтомуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешине кошумча 1 (бир) «адис» штаттык бирдиги киргизилсин.
2. Көрсөтүлгөн штаттык бирдигине карала турган акча каражаттарын 2016-жылдын бюджетине киргизүү жагы Исфана шаар мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |