Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 23/7

Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө

Жайыт жерлерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө Исфана жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10- беренелерине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана жайыт комитетине караштуу №804 контурдан 0,50га, №272-контурдан 0,35га, №2-контурдан 5,0га, №218-кондундан 1,0га жана №745 контурдан 0,40 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясына жана №217 контурдан 0,50га өнөр жай багынтындагы жерлер категориясына жалпы 7,75 га жайыт жерлерин которууга макулдук берилсин.

2. Исфана жайыт комитетине караштуу 7,75 га жайыт жерлерин трансформациялоо жагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы шаардык Кеңештин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Рахманкулов