Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 23/9
Исфана шаарынын мэринин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету
Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 14-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоевдин 2015-жыл ичинде аткарган иштери, отчетту баалоо боюнча эсептоо комиссиясынын №1 токтомунун негизинде канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2016-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |