Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-апрели № 24/2
Исфана шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Исфана шаардык Кеңешинин депутаттарынын сунуш катын угуп жана талкуулап Исфана шаардык Кеңешинин Исфана шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө ЖОБОсунун 2-бөлүмүнүн 2.2-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович Исфана шаарынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүлсүн жана күбөлүк менен төш белги ыйгарылсын.
2. Mамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | Ж. Якубжанов |