ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясы
2016-жылдын 22-апрели № 25/5
Исфана шаардык Кенешинин депутаты А.Рахманкуловдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин депутаты А.Рахманкуловдун ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. А.Рахманкуловдун депутаттык күбөлүгү жараксыз экендигин бекитип берүү жагы аймактык жана борбордук шайлоо комиссияларынан суралсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, “СУЛЕЙ-инфо” коомдук эркин гезитине жарыялансын жана Кызгыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жонотулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |