Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 25/6
Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына толуктоолорду киргизүү боюнча кайрадан комиссия курамын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укукту берүү боюнча бир жылдык мөөнөт менен төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин:
1. Д.Худойназаров - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты ;
2.А.Саттаров - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты ;
3. А.Халилов- Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
4. А.Бабаев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
5. Ф.Джееналиев - Исфана шаардык Кеңешинин депутаты;
6. З.Камалов – Исфана шаар мэриясынын вице-мэри;
7. У.Алимбаев – Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу;
8.Б.Худойназаров– Лейлек архитектура жана шаар куруу башкармасынын адиси (макулдашуу менен);
9.С.Сулайманов–Сүлүктү-Лейлек территориалдык мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын адиси (макулдашуу менен);
10.И.Садыков – Исфана шаар мэриясынын башкы адиси;
11. Ж.Асанова - “Билек” мамлекеттик эмес уюмдун адиси;
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, “СУЛЕЙ-инфо” коомдук эркин гезитине жарыялансын жана Кызгыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | Б. Максутов |