Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 25/7
Голбо айылындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасы үчүн ижаралоого макулдук берүү жөнүндө
Голбо айылындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасы үчүн ижаралоого макулдук берүү жөнүндө Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Голбо айылындагы жеке менчик үйдү балдар бакчасы үчүн ижарага алууга макулдук берилсин, ижара акысы айына 20,0 миң сом (жыйырма миң) өлчөмүндө белгиленсин жана керектелүүчү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Жеке менчик үйдү ижарага алуу, келишимдерди түзүү жана тиешелүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, “СУЛЕЙ-инфо” коомдук эркин гезитине жарыялансын жана Кызгыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу жагы шаардык Кеңештин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |