Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-апрели № 25/8
Исфана шаарынын аймагында кошумча альтернативдик мал базарын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаарына караштуу Чимген, Кара-Таш, Калта-Кол, Самат, Мурза-Патча, Махалла жана Микрорайон-№1 айылдарынын суроо талаптарын чечип берүү максатында Исфана шаар мэриясынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №1372 жана Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 20-апрелиндеги №04/703 Исфана шаарынын аймагында кошумча альтернативдик мал базарын ачуу жөнүндө сунуш каттарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагында кошумча альтернативдик мал базарын ачууга макулдук берилсин.
2. Альтернативдик мал базардын жерин аныктоо жана ыңгайлуу шарттары менен уюштуруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, “СУЛЕЙ-инфо” коомдук эркин гезитине жарыялансын жана Кызгыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |