Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-июну № 26/1
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Исфана жайыт комитетинин жайытты туура пайдалануудагы жетишкен ийгиликтери менен кошо кемчиликтери да бар экендиги белгиленсин.
3. 2016-жылдын жыйынтыгы менен белгиленген кемчиликтерди жоюу менен аткарылган иштер боюнча маалыматты Исфана шаардык Кеңешине билдирүү Исфана жайыт комитетинин төрагасы Х.Мамыровго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура жана коммуникация, коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |