Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/1
Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө
Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыгын карап чыгуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин кышка карата даярдыктары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекмелерининде орун алган кемчиликтерди четтетүү жагы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |