Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011жылдын 19-апрели № XV-1
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2011-жылга бюджетин жана 2012-2013 -жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга Кыргыз-Ата айылдык округунун бюджети иштелип чыгып, айылдык кеңештин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясында жана тиешелүү тармактын кызматкерлери менен такталгандыгын жана туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн заседаниесинде айтылган пикирлеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын талкууларын угуп Кыргыз-Ата айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2010-жылдагы киреше бөлүгү 27191,7 миң сомго, чыгаша бөлүгү 27187,9 миң сомго белгиленгендиги бекитилсин.
2. Кырыз-Ата жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо үчүн максаттуу жана толуктоочу гранттарга каралган суммаларды кошуп эсептегенде 2011-жылга жалпы кирешеси 20237,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 20237,4 миң сомго анын ичинен жергиликтүү бюджеттин кирешеси 2741,0 миң сомго, чыгашасы 20237,4 миң сомго бекитилсин. (№ 1,2- тиркеме тиркелет).
3. Кыргыз-Ата айылдык округдук кенешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде 2011-жылга айылдык округдун бюджети максаттуу жана толуктоочу гранттарды кошуп эсептегенде 20496,9 миң сомго, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 3000,5 миң сомго, чыгаша бекитүү 20496,9 миң сомго бекитилсин. (№ 3-тиркеме тиркелет)
4. Айылдык- округунун аймагындагы балдар бакчалары туруктуу иштеп жаткандыгына байланыштуу Кызгалдак балдар бакчасына 7 штат бирдиги, Котормо, Борко, Ак-Булак айылдарындагы клубдардын жана спорт комплексинин инвентарларын сактоо максатында 4 штат бирдиги белгиленип, бардыгы бөлүп 11 штат белгиленип алардын эмгек акысы соц.фонду менен кошуп эсептегенде 204,0 миң сомго бекитилсин.
5. Кыргыз-Ата айылдык округунун 2012-жылга болжолдуу кирешеси 20205,1 миң сомго, 2013-жылга кирешеси 19955,4 миң сомго бекитилсин.
6. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |