Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 30/5
Малдарга идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын малдарга идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитуу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы элдердин малдарына идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасы бодо малга 1 башка 20 сом жана кой эчкилерге 1 бишка 10сом олчомундо белгиленсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |