Редакцияот 25.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 31-сессиясы

 

2016-жылдын 25-ноябры № 31/1

410-контурдагы 1,40 га жер тилкесине “Ас-сафа” коомдук бирикмесинин курулуш иштерин жүргүзүүсүнө жана 0.60 га жер тилкесине жергиликтүү калкка турак жай курууга макулдук берүү жөнүндө

Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезексиз XXХI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаарынын аймагындагы 410-контурдагы 1,40 га жер тилкесине “Ас-сафа” коомдук бирикмесинин курулуш иштерин жүргүзүүсүнө жана 0.60 га жер тилкесине жергиликтүү калкка турак жай курууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Максутов