Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19 апрели №XV-2
Кыргыз-Ата айылдык округундагы Кыргыз-Ата Ак-Булак, Котормо жана Борко айылдарындагы аймактын коомдук өз алдынча башкарууларына (ТОС) келишимдик негизде ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 29-майындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрация жөнүндөгү» №-99 мыйзамдын 51-53-беренелеринин негизинде аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (Кыргыз-Ата, Ак-Булак , Котормо жана Борко) айылдарында жайгашкан жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен турмушка ашыруу үчүн аймактык коомдук өз алдынча башкарууларын ыйгарым укуктары боюнча Кыргыз-Ата айылдык округунун жооптуу катчысы К.Кочкоровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык округдун аймагындагы Кыргыз-Ата,Ак-Булак,Котормо жана Борко айылдарындагы аймактык коомдук өз алдынча башкарууларына (ТОС) айылдык округу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администирация жөнүндөгү» мыйзамынын 7-главасынын 51-53-беренелерин жетекчиликке алуу менен башкаруу милдеттерин жана ыйгарым укуктарын келишимдин негизинде өткөрүп берсин жана келишим бекитилсин.
2.Айылдык округдук жана аймактык коомдук өз алдынча башкарууларынын мүчөлөрү менен ыйгарым укуктары боюнча түзүлгөн келишимдин аткарылышын дайыма көзөмөлдөп туруу айылдык округдун баашчысы А.Маликовго жана жооптуу катчысы К.Кочкоровго тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп туруу айылдык округдук кеңешин төрагасынын орун басары А.Мендибаевге жүктөлсүн.
Кыргыз-Ата айлдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |