Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № XV-3
Кыргыз-Ата айылдык округундагы чарбалык субъектилердин жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана айылдык округдун аймагындагы айылдарда корктонду-руу,санитардык абалын жакшыртуудагы аткарылып жаткан иштер жөнүндө
1.Кыргыз-Ата айылдык округундагы чарбалык субъектилердин жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктары жана айылдарды көктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуудагы аткарылып жаткан иштер белгиленсин.
2.Ички сугат тармактарын ондоо иштерин, өз убагында дыйкандар менен биргеликте аткаруунун үстүндө иштерди жүргүзүү СПАнын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Кыргыз-Ата айылдык округунун калктуу конуштарынын айлана чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу корктондуруу, жашылдандыруу жана бак-дарактарды отургузуу боюнча 2011-жылдын 1-июнуна чейин жүргүзүлө тургандыгы калк арасында түшүндүрүлсүн.
4.Айыл башчылар, мектеп директорлору, ооруукана,УБДТ,ФАП,клуб, китепкана,балдар бакчаларынын башчылары :
- айылдарды, айлана чөйрөнү көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга карата иш чараларды өткөрүүнү уюштурушсун ;
- айлана- чөйрөнүн абалын жакшыртуу максатында жол боюндагы үйлөрдүн айланасын тазалоо, арыктарды чабуу, тосмолорду оңдоо жана сырдоо үчүн ишенбиликтерди өткөрүүнү уюштурушсун ;
- борбордук көчөлөрдүн тротуарларын тартипке келтирип, жолдогу төгүлгөн таштандыларды, көңдөрдү алдырууну уюштурушсун.;
- айылдардын аймагындагы менчик кичи ишканалардын айланасы тартипке келтирилсин жана актоо, сырдоо иштери жүргүзүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештеги экономика, бюджет жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |