Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 218
“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө
Күн тартибине коюлган 27.07.2016- жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин жылуулук системасынын, полунун,терезелеринин,сырткы эшигинин, спортзалынын шыбын ремонттон өткөрүү үчүн түзүлгөн сметадага ылайык 4 239 995 (төрт миллион эки жүз отуз тогуз миң тогуз жүз токсон беш) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.
2. Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектептин трансформаторун Талас РЭСинин балансына өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орозалиев |