Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/274
2016-жылга катуу тиричилик чыгындыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык «Тазалык» муниципалдык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчисинин орун басары Керимбаев Арстандын 2016-жылга катуу тиричилик чыгындыларынын тарифтерин бекитип берүүнү суранган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 14- бөлүмчөсүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык «Тазалык» муниципалдык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчисинин орун басары Керимбаев Арстандын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. 2016-жылга катуу тиричилик чыгымдарынын мекемелер үчүн тарифи айына 671, 87 сом, батирлер үчүн айына бир адамга 15,98 сом , жер үйлөргө бир адамга 17,35 сом болуп бекитилсин.
3. Бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруу Кочкор-Ата шаардык «Тазалык» муниципалдык санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын жетекчиси А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Каржы-экономика, бюджет, салык, инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |