Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/277
«Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын балансындагы Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп алуу жөнүндөгү кайрылуусун сунуштаган катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 6 –беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызтуракжайкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Кочкор-Ата жылуулук камсыздоо ишканасын шаар мэриясынын балансына өткөрүп алууга мүмкүн эместиги белгиленсин.
2. Тийиштүү мамлекеттик органдарга токтомдун нускасын жеткирүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |