Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/278
Кочкор-Ата шаар аймагындагы шайлоо участкаларынын комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаар аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына шаардык жергиликтүү коомчулуктан өкүлдөрүнүн кирген курамын талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарындагы №2189 «Бобордук» участкалык шайлоо комиссияларынын курамына 14 мүчө, №2190 «Манас» участкалык шайлоо комиссияларынын курамына 14 мүчө, №2191 «Жылдыз» участкалык шайлоо комиссияларынын курамына 14 мүчө, №2192 «Рахманжан» участкалык шайлоо комиссияларынын курамына 14 мүчө, №2193 «Анар» участкалык шайлоо комиссияларынын курамына 14 мүчө жергиликтүү коомчулуктун сунуштаган участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын тизмеси жалпысынан болуп 70 (жетимиш) мүчө бекитилсин.
2. Жергиликтүү коомчулуктун сунуштаган участкалык шайлоо комиссиясынын курамын бекитүү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу мэриянын аппарат жетекчиси М.Мадосмоновго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |