Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/280
Кочкор-Ата шаарынын Монтажная көчөсүндөгү балдар бакчасы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысынын шаардын Монтажная көчөсүндөгү «Кочкоратаайылкурулуш» ААКнан мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынган балдар бакчасынын имараты өтө коркунучтуу абалда болуп, «AL-TAIR» ЖЧКсы тарабынан инженердик-техникалык изилдөөсүнүн натыйжасында А жана Б блогун бекемдөөгө болот жана В блогу өтө кооптуу, аны пайдаланууга болбойт, толук бузулууга жатат деген корутундусу боюнча чечим чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Г.Осмонованын сунушу эске алынсын.
2. «AL-TAIR» ЖЧКсы тарабынан инженердик-техникалык изилдөөсүнүн натыйжасында чыгарылган корутундусуна ылайык балдар бакчасынын көрсөтүлгөн кооптуу бөлүгү (В блогу) буздурууга алынсын.
3. Балдар бакчасынын көрсөтүлгөн кооптуу бөлүгүн (В блогун) буздуруу жана А жана Б блогун бекемдөө үчүн 2016- жылдын жергиликтүү бюджетинен 10 000 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Курулуш жана капиталдык ремонттоо иштеринин сметалык баасынын калган бөлүгү 2016-жылдын үнөмдөлгөн жана 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
5. Акча каражаты менен камсыз кылуу шаар мэри К.М.Эгембердиевге жана шаар мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |