Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/281
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин №01-05/233 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Коомдук алдын алуу борбору жөнүндө” №01-05/233 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын юристи Р.Сатыбалдиевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын юристи Р.Сатыбалдиевдин сунушу эске алынсын .
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелинде чыгарылган №01-05/233 токтомундагы “Коомдук алдын алуу борбору” аталышы “Коомдук алдын алуу борбордук мекемеси” болуп өзгөртүлсүн.
3. Коомдук алдын алуу борбордук мекемесинин тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, Жалал-Абад областтык юстиция Башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын юристи Р.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык , билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |