Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19- апрели № XV-4
Кыргыз-Ата айылдык округунун Ак-Булак айылынын «Ой» участкасындагы уй куруучуларга жол чыгарып берүү жөнүндө
Айылдык округундагы Ак-Булак айылынын «Ой» участкасындагы огород жердин кемин алган атуулдардын жол чыгаруу боюнча арыздарынын жана өздөрүнүн чогулуштарын карап чыгып, талкуулап Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округдагы Ак-Булак айылынын «Ой» участкасындагы огород жердин кемин алган атуулдардын жол чыгаруу боюнча 2011-жылдын 25-мартындагы чогулушунун токтому бекитилсин.
2. Үй куруучуларга бөлүнгөн жер участкаларына тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүп берүү айылдык округдун жер адиси А.Аттокуровго тапшырылсын.
3. Үй куруучуларга бөлүнгөн жер участкаларынын долбоорлоо документтерин даярдатып берүү Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кадастр башкармалыгынан, райондук архитектура шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
Кыргыз-Ата айлдык округдук кеңешинин төрагасы |
А.Таиров |