Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/282
К.М.Эгембердиевдин 6 айлык маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2016-жылдын 6 ай ичинде шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2016-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |