Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/285
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсү Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имаратында жайгашкандыгына байланыштуу, кызматтык кааналарын ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүүнү сураган кайрылуусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Ноокен райондук бөлүмчөсүнүн башчысынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Ремонттоо үчүн керектелүүчү 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты 2016-жылдын башынан калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |