Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 01-05/286
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуусу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын 2016-жылдын бюджетинде каралган аппараттын сапар чыгымына учурда каралган лимити жетпей калгандыгына байланыштуу жыл башында калган калдыктын эсебинен сапар чыгымын карап берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңештин аппаратынын сапар чыгымдарына 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты жыл башында калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын м.а. | Ж. Токтосунов |