Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-апрели № 6
Кара-Суу айыл аймагында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 31- мартындагы №134-б буйругуна ылайык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата «Көзөмөлчүлүк кеңешин» түзүү жөнүндө Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 88-б буйругуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагында Кара-Суу айылдык К.Карпеков атындагы орто мектебинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүү тармагында бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга карата көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:
В.Касымбекова- кеңештин төрайымы;
Г.Алыбаева- комиссиянын катчысы;
Мүчөлөрү:
А.Эсеналиева- орто мектептин завучу;
С.Мамбетсултанова-ЖПБнин бухгалтери;
А.Абдраимова-а/К депутаты;
Асанакун кызы Алена- ата-энелер комитети;
М.Масыркулова- ата-энелер комитети;
2. Түзүлгөн комиссия курамы тиешелүү иштерди мыйзам чегинде аткарууга алышсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманкулов |