Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июлу № 1
Кара-Суу айыл аймагына караштуу Түз-Бел жайлоо участогунун оң тарабындагы 32 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү боюнча
Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы К.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 16-июнундагы № 14-8/323 сандуу катынын негизинде билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык Кеңешинин 15-чакырылышынын 11.09.2012-жылдагы 3-кезектүү сессиясынын № 29-чечиминин негизинде Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун км 500-501 км аралыгындагы оң тарабынан Түз-Бел участогунун жайыт жеринен туурасы 400 м, узундугу 900 м жер аянтынын убактылуу пайдалануу мөөнөтү 2017-жылдын октябрь айына чейин узартылсын.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу, келишимдерин жаңыртуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Шаршенаалы уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | К. Иманкулов |