Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статист кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүнчүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Иманкулов |