Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын калктын жарандык абалынын актыларын каттоо департаментинин келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын калктын жарандык абалынын актыларын каттоо департаментинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын калктын жарандык абалынын актыларын каттоо департаментинин келишимин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн айрым ыйгарым укуктарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Молдажиевага тапшырылсын.
3. Түзүлгөн сметага ылайык айлык акысын эсептеп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага тапшырылсын.
Төрага | К. Иманкулов |