Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-августу № 5
Кара-Суу айыл аймагындагы эски карьердин «Түлкү кокту» участогунан 0,70 га жер Кара-Суу, Дыйкан, Жибек-Жолу айылдарынын тургундарына мыйзамга ылайык топурак алуу үчүн карьерге уруксат алуу жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Кенешинин 16-чакырылышынын төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү «Түлкү кокту» участкасындагы 0,70 га жер Кара-Суу, Дыйкан жана Жибек-Жолу айылдарынын тургундарына курулуш материалы катары пайдаланууга берүү жагы 2013-жылдагы июнь айынын № 8 токтомуна ылайык мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагына тиешелүү «Түлкү кокту» участогунан топурак алуу үчүн тиешелүү уруксат алуу үчүн келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметов жана жер адис Ж.Ъшүмбаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Уметовго жана жер адиси Ж.Ъшүмбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманкулов |