Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 1
Кара-Суу айыл аймагындагы айыл өкмөтүндө 2016-жыл ичинде атайын каражаттан түшкөн кошумча акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл ичинде атайын каражаттан түшкөн кошумча акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 100,0 миң сом менен бекитилсин.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дисней бала бакчасынын имаратын оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча Ага-Хан фондусунун «БИРГЕ» долбоорунун негизинде учурдагы жардам катары келип түшүүчү акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 1400,0 миң сом менен бекитилсин. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 140,0 миң сом Дыйкан айылдык Дисней бала бакчасын ремонттоо үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык.
Төрага | К. Иманкулов |