Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 2
Кара-Суу айыл аймагында «Ардактуу Атуул» наамын берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы К.Иманкуловдун Кара-Суу айылдык К.Карпеков атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун сунушун тааныштыруу менен билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын тургуну, К.Карпеков атындагы орто мектебинин мугалими Иманбаев Боронбайга көп жылдан берки билим берүүдөгү кошкон салымын баалап, К.Карпеков атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун сунушунун негизинде Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу» наамы берилсин.
2. Тиешелүү күбөлүгү менен камсыз кылууну өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Иманкулов |