Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү киреше салыгынан түшкөн кошумча акча каражатын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаеванын маалыматынын негизинде айылдык Кеңештин төрагасы К.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү киреше салыгынан түшкөн кошумча 200,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй статьялар менен бекитилсин:
-Айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовдун Франция чет өлкөсүнө иш сапары менен барып келүүсүнө 2211-статьясына 50,0 миң сом;
- айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин өлкө ичиндеги иш сапарына 2211-ст 10,0 миң сом;
-айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын өлкө ичиндеги иш сапарына 2211-ст 13,0 миң сом;
-айыл өкмөтүнүн ар кандай чыгымдарынын 2215-ст 112,0 миң сом;
-А.Капаров орто мектебинин ар кандай чыгымдарынын 2215-ст 15,0 миң сом;
2. Айыл өкмөттүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы К.Уметовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Иманкулов |