Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 4
Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы К.Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишимин тааныштыруу менен билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн айрым ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Молдажиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Уметовго тапшырылсын.
Төрага | К. Иманкулов |